Жаңылыктар
Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСтерин курууга инвестор тартылат
Экономика
Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСтерин курууга инвестор тартылат

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСтерин курууга инвестор издөөнү тапшырды.

 Ири энергетикалык долбоорлорду баштаган Орусия менен келишим өткөн аптада расмий түрдө токтогон эле. 

Улуттук энергетикалык холдинг долбоорго кызыккандар көп экенин билдирүүдө. 

Айрым адистер инвесторлор менен Кыргызстан каалагандай келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү аз экенин айтып жатышат.