Жаңылыктар
Эмгек сиңирген режиссёр Жадылбек Мидинов узакка созулган оорудан улам дүйнө салды
Маданият
Эмгек сиңирген режиссёр Жадылбек Мидинов узакка созулган оорудан улам дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз театр искусствосунун таланттуу режиссёру, Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси Жадылбек Мидинов 65 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. 

Жадылбек Мидинов 1956-жылы 15-июлда Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жарык дүйнөгө келген. Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Кыргыз Улуттук Т . Абдумомунов атындагы академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык студиядан билим алган. Аталган студияны бүтүрүп чыгып, М. Жангазиев атындагы Республикалык куурчак театрында актер болуп эмгек жолун баштаган. Ал Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “театрдын режиссеру” адистигин аяктаган. Санкт-Петербург шаарында Н. Черкасов атындагы мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунда жогорку режиссердук курста белгилүү режиссер,Россия Федерациясынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери А. Белинскийдин курсунда окуган. Окууну аяктаган күндөн тартып, М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп эмгектенет. Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында режиссер-коюучу кызматын аткарган. Эксперименталдык куурчак театрларынын негиздөөчүсү жана жетекчиси болуп “Тунгуч” театрынын алдында иш алып барган. 2008-жылы кайрадан М. Жангазиев атындагы куурчак театрында башкы режиссер болуп дайындалат. 

Андан соң, театрдын көркөм жетекчиси жана режиссеру, Чүй облустук Ш. Термечиков атындагы театрдын режиссеру, Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси, акыркы учурда Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында көркөм жетекчилик кызматтарды аткарып келди. Жадылбек Мидинов чыгармачылык өмүрүндө бир топ спектаклдерин сахналаштырган. Анын эң бир синтездештирилип коюлган негиздүү спектаклдеринин бири Б. Өмүралиевдин «Томого» пьесасынын негизинде коюлган чыгармасы болду жана көптөгөн алдыңкы сыйлыктарга жетишти. Алар Алма- Ата шаарында өткөн “Ортеке” эл аралык фестивалында Гран-Прини жеңип алышкан. Казань шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин театрларынын эл аралык фестивалында көрүүчүлөрдүн жана калыстардын жогорку баадагы алкоосуна арзыган. “Тунгуч” эксперименталдык жаштар театрында Ч. Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Кетпечи Бугу-Эне” спектакли заманбап формада сахналаштырылып, 2010-жылы Кытай Эл Республикасында өткөн эл аралык фестивалда биринчи сыйлыктын номинанты болушкан. 

Мидинов Кыргызстандан сырткары Кытай Эл Республикасында, Литвада, Монголияда, Россия Федерациясында жана Өзбекистан, Казакстан Республикаларында өткөн ар кандай эл аралык кароо-сынактардын, фестивалдардын катышуучу жана жеңүүчүсү болгон. Кыргыз Республикасынын маданияты менен көркөм өнөрүнүн өнүгүп-өсүшүнө чын ылакстан кызмат кылып, зор эмгектерди сиңиргендиги мамлекет тарабынан бааланып, Кыргызстандын улуттук «Эргүү» театр искусствосу сыйлыгынын эки жолку ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, жана башка бир нече сыйлыктардын ээси болгон. 

Кыргыз элибиздин чыгаан таланты, өзүнүн кайталангыс эмгеги менен улуттук маданиятыбыздын жана искусствонун кеңири катмарына таанымал болгон белгилүү режиссер, Жадылбек Мидиновдун жаркын элеси замандаштарынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Марипов, Абыкеев, Касмамбетов, Бакашова, Касымалиев, Иманалиев, Байтерек, ж. б.