Жаңылыктар
Афганистан: Талибдер Кабулду көздөй бет алышты
Дүйнө
Афганистан: Талибдер Кабулду көздөй бет алышты

Талибан кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү бир канча адиминстративдик борборлорду басып алганын алардын катарында Талукан, Сари-Пуль жана Кундуз аймактары бар экенин билдирди.

Ал эми Афганистан бийлиги бул маалымат боюнча расмий билдирүү бере элек. Маалыматтарга караганда Талибдер учурда Кундуздан 330 чакырым алыс жайгашкан борбор шаар Кабулга жол тартканы айтылууда. 

Белгилей кетсек Афганистандан НАТО менен АКШнын аскерлери чыгарылып баштаганда Талибан кыймылы активдеше баштаган жана бир нече айдын ичинде өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн карамагына каратып алган.