Жаңылыктар
Нагасаки шаарына ташталган атом бомбасынын курмандыктары эскерилди
Дүйнө
Нагасаки шаарына ташталган атом бомбасынын курмандыктары эскерилди

Япония мындан 76 жыл мурда АКШ тарабынан Нагасаки шаарына ташталган атом бомбасынын курмандыктарын эскерип жатат. 

Токио шаарынын мэри менен Жапон премьер-министри Ёсихидэ Суга бир мүнөттүк эскерүүдөн соң жалпы элге кайрылуу жасашты. Белгилей кетсек, 75 жыл мурда АКШ алгач Хиросима шаарына, андан көп өтпөй Нагасакиге атом бомбасын таштаган. 

Хиросимада 140 миңдей, ал эми Нагасакиде 70 миңден ашуун киши каза болгон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу эскерүү иш-чаралары эки жылдан бери мурдагыдай белгиленбей жатат. Бир катар эскерүү иш-чаралары кыскартылган. Ага карабай Нагасакиде өтүүчү эскерүүгө чет өлкөлүк дипломаттар чакырылган.