Жаңылыктар
Грекиянын Эвбея аралында тарыхтагы эң ири өрт кырсык катталды
Дүйнө
Грекиянын Эвбея аралында тарыхтагы эң ири өрт кырсык катталды

Грекиянын чондугу жагынан экинчи деп саналган Эвбея аралында тарыхта эң ири табигый кырсык катталды. Тагыраагы аталган аралда бир нече күндөн бери тутанган от өчпөй, жүздөгөн гектар токой өрттөнүп кетти. Мындан сырткары ондогон калктуу конуштар күлгө айланып, эки миңден ашуун тургун коопсуз аймакка чыгарылды. Өрт аралды экиге бөлүп салды.

Жергиликтүү тургундар Эвбея аралы эми баштапкы калыбына эч убакта келбестигин, өрт менен күрөшүүдө жетиштүү күч жоктугуна бийлик күнөөлүү экенин айтууда. Өрттүн очогунда калгандар үйлөрүн таштап кеткилери келбей, турак жайларына суу чачып, аман алып калуу менен алек болууда. 40 градуска жеткен ысык аба ырайынан улам өрт тез жайылып жатат. Тегеректе дем алуу кыйынга турууда. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө башка өлкөнүн 500дөй куткаруучусу да жардамга келишти.

Өрт өчүрүүгө учактар да тартылганы менен натыйжа бербей жатканын, буга коюу түтүн учкучтардын көрүүсүнө тоскоолдук жаратып жатканы айтылууда. Грекия өкмөтү Эвбей аралында абал кооптуу болуп турганын, ошол эле учурда өлкөнүн башка аймакары да өртөнүп жатканын белгилөөдө. Ал арада бийлик кургак аба ырайынан улам Грекия боюнча өрт кооптуулугу жогору экенин эскертүүдө.