Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча кезектеги протоколго кол коюшту
Чек ара
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча кезектеги протоколго кол коюшту

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 4-9-августунда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү.