Жаңылыктар
АКШнын Калифорния штатынын түндүгүндөгү токойдогу өрт өчүрүлө элек
Дүйнө
АКШнын Калифорния штатынын түндүгүндөгү токойдогу өрт өчүрүлө элек

АКШнын Калифорния штатынын түндүгүндөгү токойдогу өрт өчүрүлө элек. “Дикси” аталышындагы бул токой өртү Нью-Йорк шаарынын аймагындай болгон жерди жалмап кетти. 

Миңдеген тургундар коопсуз аймакка чыгарылды. Өрт Плумас округундагы Гринвилл шаарын толугу менен күлгө айлантты. Алдын ала маалыматтарга караганда өрттүн келип чыгуусу электр чубалгыларынан бак дарактын кулашы себеп болгону айтылып жатат жана бул боюнча учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Калифорнияда жыл башынан бери 10го жакын ири өрт кырсыгы катталган. АКШ боюнча Орегон, Монтана жана Айдахо штаттарында да өрт кооптуулугу жогору экенин адистер айтууда.