Жаңылыктар
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтер кабыл алынууда - БШК
Шайлоо 2023
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтер кабыл алынууда - БШК

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 26-августта саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт. Мыйзамдарга ылайык шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Министрлер кабинетинин Төрагасы укуктуу. 

Каттоо үчүн Бишкек шаарынын мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 20-августтан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди тапшырууга тийиш.