Тажикстандын Бохтар шаарында жергиликтүү тургун 14 жаштагы кызын өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген деп айыпталууда.
Кылмыш ишин козгоого 14 жаштагы Бибисония Тагоеванын өлөр алдында жазган каты себеп болгон. Кызы катта апасын ур-токмокко алганы, ар-намысына шек келтиргени үчүн айыптаган.
Кайгылуу окуя быйыл жазында болгон. Бибисониянын апасы Муборак Гиёева учурда психиатриялык дарылануудан өтүүдө. Ага карата соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлөт.
“Кыз катында качан жана кантип токмок жегенин кенен жазган. Бибисонияны апасы гана эмес үйдүн башка мүчөлөрү да урган”, - деди Хатлон облусунун прокурорунун орун басары.
Муборак Гиёеванын күнөөсү далилденсе, ал үч жылдан беш жылга чейин соттолушу ыктымал.
Расмий маалымат боюнча быйыл алты айда Хатлон облусунда 23 өспүрүм суицидге барган.