Жаңылыктар
Өзбекстанда коронавирустан ооруп калган абитуриенттер үчүн кошумча сынак уюштурулат
Дүйнө
Өзбекстанда коронавирустан ооруп калган абитуриенттер үчүн кошумча сынак уюштурулат

Өзбекстанда дене табы көтөрүлгөнүнө байланыштуу сынакка киргизилбеген абитуриенттер үчүн кайра тест өткөрүлөт.

Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык жана коомдук саламаттык кызматы менен Мамлекеттик тестирлөө борборунун биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.

Коронавирус жуктурганы, дене табы көтөрүлгөнү үчүн сынакка киргизилбегендер эки апта ичинде тест тапшырат. Алар covid@dtm.uz электрондук почтасына онлайн арыз таштай алышат.

Убагында кирүү сынагын тапшыра албаган абитуриенттер үчүн тест бир жолу гана уюштурулат.

Өзбекстанда бакалавр үчүн 2021-2022-окуу жылдарына студенттерди кабыл алуу үчүн сынактар 5-августта башталган.