Сауд Арабиясы коронавирус инфекциясы менен күрөшүп, кайтыш болгон ар бир медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 133 миң АКШ доллары өлчөмүндө кенемте төлөй баштады.
Расмий маалыматка караганда, кенемтени мамлекеттик же жеке клиникада иштегенби, жарандык же аскерий тармакта эмгектенгенине карабай бардык адистердин үй-бүлөлөрү алат. Бийлик маркумдардын саудиялык же чет өлкөлүк кызматкер болгонуна да карабайт, тегиз төлөйт.
Сауд Аравиясында бүгүнкү күнгө карата 8 миң 320 өлүм катталган, бирок вирустан канча медицина кызматкери каза болгону боюнча так маалымат жок.