Жаңылыктар
Лионель Месси расмий түрдө ПСЖ командасынын оюнчусу болду
Спорт
Лионель Месси расмий түрдө ПСЖ командасынын оюнчусу болду

Белгилүү аргентиналык футболчу Лионель Месси "Пари Сен-Жермен" клубунун оюнчусу болду. 

Келишим 2024 -жылдын июнуна чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен эки жылга түзүлгөн. Футболчунун айлык маянасы 35 миллион еврону түзөт.

Өткөн жумада "Барселона" Месси менен келишимди узартпай турганын жарыялаган. 8-август күнү 34 жаштагы оюнчу пресс-жыйында клуб менен коштошкон.