Жаңылыктар
"Ак шумкарлардын" Палестина менен беттешүү үчүн кеңейтилген курамы
Спорт
"Ак шумкарлардын" Палестина менен беттешүү үчүн кеңейтилген курамы

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулар штабы Александр Крестининдин жетекчилиги астында сентябрь айындагы жолдоштук беттешке чакырыла турган оюнчулардын тизмесин жарыялады. 

Кеңейтилген тизмеге 30 оюнчу кирген. 

Акыркы тизме 23-август күнү пландаштырылган окуу-машыгуу жыйынына чейин жарыяланат.

2-сентябрь күнү Кыргызстан Палестина менен жолдоштук беттеш өткөрөт. 

"Ак шумкарлардын" кеңейтилген курамы:

Дарбазачылар: Кутман Кадырбеков (Дордой), Эржан Токотаев (Алга), Руслан Амиров (Абдыш-Ата), Артем Прядкин (Шахтер, Казакстан)

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев (Туран, Казакстан), Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Айзар Акматов, Александр Мищенко (бардыгы "Дордой"), Алмаз Маликов, Акрамжон Умаров (экөө тең "Алай"), Кайрат Изаков, Христиан Браузман (экөө тең "Абдыш- Ата ")

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков (Шейх Рассел, Бангладеш), Алимардон Шукуров (Неман, Беларусь), Фархат Мусабеков (Туран, Казакстан), Турсунали Рустамов, Давлятжан Баратов, Кайрат Жыргалбек уулу (бардыгы Дордой)), Одилжон Абдурахманов (Бунёдкор) Өзбекстан), Гүлжигит Алыкулов (Кайрат, Казакстан), Атай Жумашев, Максат Алыгулов (экөө тең Абдыш-Ата), Адилет Каныбеков, Эмир Шыгайбаев (экөө тең "Нефтчи"), Азим Азаров ("Алга").

Чабуулчулар: Рыскелди Артыкбаев (Дордой), Эрнист Батырканов (Ван, Армения), Эльдар Молдожунусов (Алай)