Жаңылыктар
Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт
Маданият
Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү өтөт

Кыргызстандын жана Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында 12-14 август күндөрү Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, маданият күндөрүнүн программасы Россия элдеринин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардын комплексинен турат. 12-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өтүп, концерт тартууланат. Ал эми филармониянынын фойесинде көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмө уюштурулуп, Россиянын субъекттеринин өкүлдөрүнүн жетекчилиги астында элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар менен коштолот. 

13 -августта Г. Айтиев Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Россиянын руханий-маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган "Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу" көргөзмөсү ачылып, ал 1-сентябрга чейин уланат.