Жаңылыктар
Жаңы окуу жылынан тартып кышкы эс алуу узартылбайт
Билим
Жаңы окуу жылынан тартып кышкы эс алуу узартылбайт

Жаңы окуу жылынан тартып мектептердеги кышкы эс алуунун мөөнөтү узартылбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу жыйында билдирди. 

Министрдин айтымында, кышкы эс алуунун убактысынын узартылбагандыгы,жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте мектептерди оңдоо иштеринин сапаттуу жүргүзүлгөндүгүндө. Отурумда айтылгандай, билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы жакшы.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118