Жаңылыктар
Сегиз өлкөнүн дипломатынын ишеним грамоталарын Президент Садыр Жапаров кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сегиз өлкөнүн дипломатынын ишеним грамоталарын Президент Садыр Жапаров кабыл алды

Элчилер - мамлекеттер географиялык жактан алыс же коңшу болобу мамилени арттырууга салым кошчу инсандар. Бул кызматты аркалоого киришкен 8 өлкөнүн дипломатынын ишеним грамоталарын Президент Садыр Жапаров кабыл алды. 

Алар Вьетнам, Египет, Шри Ланка, Бразилия, Австрия, Исландия, Камбоджа Королдугу жана Уганда мамлекеттеринин Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери. 

Өлкө башчысы алардын маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматында ийгиликтерди каалап, аталган республикалар менен Кыргызстан жемиштүү кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Өз өлкөсүнүн Кыргызстан менен байланышын бекемдөөгө киришип жаткан элчилердин ар бирин Ардак кароол ызаат көрсөтүп тосуп алып, азем өтчү жайга узатып жатты. Эң биринчи мейман достукту байкаган дипломаттар Кыргызстанга элчи болушканына кубанычта.