Жаңылыктар
“Кумтөр” долбоору боюнча келишимди денонсациялоо иши башталды
Коррупция
 “Кумтөр” долбоору боюнча келишимди денонсациялоо иши башталды

“Кумтөр” долбоору боюнча келишимди денонсациялоо иши башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирүү таратып, тергөөнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Анда “Камеко” жана “Центерра” компаниялары менен түзүлгөн бардык келишимдер Кыргызстан элинин кызыкчылыктарына жооп бербейт деп белгиленди.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет соңку айларда “Кумтөрдү” иштетүүдөгү коррупцияга байланыштуу иликтөө жүргүзүп келатат. Тергөөнүн алгачкы жыйынтыгы жарыяланып, анда камакка алынган мурдагы аткаминерлердин күнөөсү далилденгени айтылды. Мекеме кенди иштетүү боюнча келишимдердин бардыгы Кыргызстандын элинин түпкү кызыкчылыктарына дал келбейт деп эсептейт.

УКМК өлкө кызыкчылыгы эске алынган эмес делген бардык келишимдер катары 1992-1994-2003- жана 2009-жылдарды эске салып жатат. Улутташтыруу демилгеси көтөрүлгөн 2012-2014-жылдары да айрым аткаминерлер канадалык компаниянын кызыкчылыгын коргогонун билдирүүдө. 2009-жылга чейинки келишимдерге байланыштуу тергөө соңуна чыкканы турат. Мындан сырткары 2017-жылы “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү ишин иликтөө уланууда.

УКМК Кыргызстандагы ири кенди иштетүүдөгү 30 жылга созулган мыйзамсыз иштерге аралашкан деп мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин, Максим Бакиевдин, экс-премьер-министрлер Чыңгышев, Жумагулов, Чудинов, Бабанов, Сариевдин, бир катар депутаттардын, “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчилеринин ысымдарын атаган. Алардын айрымдары учурда атайын кызматтын тергөө абагында жатышат.