Кыргыз-орус мамилесинин тарыхы терең, кылымдык достугу бар. Эки өлкөнү стратегиялык ар тараптуу кызматташтыгы бириктирип турат. Орус тили болсо өлкөдө расмий тил катары кеңири колдонулуп келет. Андыктан, майда окуяларды чоң деңгээлге көтөрбөй, эки элдин ортосундагы достук мамилени сактап калууда, чагымчылдыка жол берилбеши керек.
Бишкекте өткөн жумада соода борборлордун биринде болгон окуя, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, коомчулуктун көңүлүн бурду. Бул фактыга укук коргоо органдары да дароо маани берип, Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы "Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Майда бейбаштык” беренеси боюнча каттады.
Кыргызстан көп улуттуу мамлекет. Кыргызстанда жашап, иштеп келе жаткан Семён Поляков, Конституцияга ылайык эч кимди жынысына, расасына, тилине же улутуна, динине жана жашына, саясий же башка ишенимдерине карап басмырлоого жол берилбей тургандыгын жакшы билет.
60 жылдан ашык кыргыздар менен коюн колтук алышып жашап келаткан ардагер, бүгүнкү күндө Кыргызстан бейпилчиликте жана тынчтыкта өнүгүп бараткан өлкө катары, 100дөн ашык ар түрдүү улуттун өкүлдөрү ынтымак-ырашкеликте доор сүрүп келатышканын белгилейт.