Жаңылыктар
Эмгекчил мекендештердин аракети
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгекчил мекендештердин аракети

Кыргызстан эгемендик алган соң көп тармакта алдыга карай жылыштар бар. Алсак айыл чарба тармагында жаңы технологиялар колдонулуп, анын натыйжасында дыйкандардын акыбети кайтууда. Заманбап айыл чарба техникаларын колдонгондордо сапаттуу продукция өндүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүгү болот. 

Чоң Чүй каналынан насос менен сордурулган суу жер алдындагы куур аркылуу айдоо талаага жеткирилип, андан ары заманбап жабдуу жүздөгөн гектар аянтты чачыратып сугарат. Мындай ыкма менен түшүм текши суу ичет, экинчиден сугат суу тартыштыгы боюнча маселе жаралбайт.

3 миң гектардай аянтты иштеткен дыйкан чарба үчтөн бир бөлүгүн Италиядан алып келген технологиянын жардамы менен сугарат. Жабдуу жарым шар түрүндө бет маңдайына 80-90 метр аралыкка чейин суу бүркүп, суунун басымы аркылуу 450 метр артка жылат. Сугат суу машинасы трактор менен көчүп-конот, эң кызыгы анын кыймыл-аракетин адам электрондук түрдө тууралап коёт.

Ал эми бул малга сапаттуу тоют даярдаган аппарат. Андан саатына буудай, арпа, жүгөрү кошулган 500 килограмм тоют даярдалат. Аралаш тоют буга чейин колдонулган жемге салыштырмалуу 2 эсе күчтүү болот жана сиңимдүүлүгү да жогору. Кесиби зоотехник Аралбек Абдырасулов Кепилдик фонду жана Айыл банктан жеңилдетилген насыя алып, Россиядан чарбасына алып келип иштетүүдө. Тоюттун бул түрүнө суроо-талап жогору.