Жаңылыктар
Манасты Гиннес рекорддор китебине каттоо аракети
Маданият
Манасты Гиннес рекорддор китебине каттоо аракети

Ар бир улут өзүнүн каада-салты, үрп-адаты жана улуттук идеологиясына же бир өзгөчөлүгү менен мактанып, даңкталат. Кыргыз элинин көөнөрбөс улуу кенчи- "Манас"-эпосу. Дал ошол эпосту Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет тыным албай узак убакыт айткан Дөөлөт Сыдыков, кыргыздын бул өнөрүн Гиннестин рекорддор китебине киргизүү аракетин жасап келет. 

Кезинде залкар манасчылар таңдан каш карайганча, кээде түн бир оокумга чейин тынымсыз "Манасты" айтканы эл оозунда аңыз болуп айтылып жүрөт. Дал ушул өнөрдү аздектеп келаткан манасчылардын катарын Дөөлөт Сыдыков толуктайт. Манасчынын баамында кыргыз менен “Манасты” ажыратып караганга болбойт. Ошондуктан аны ар бир кыргыз баласы көздүн карегиндей сактап, дайыма туу кылып кармап жүрүшү керек.

Дөөлөт Сыдыковдун ысымы бир жыл мурда эл арасына чагылгандай тарады. Ал 2020-жылдын 12-ноябрында токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей, 14 саат 27 мүнөт манас айтты. "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын эстелигинин жанына айнектен жасалган, бийиктиги беш метр боз үйдөн Дөөлөттүн айтуусундагы "Манас" жарым күн жаңырып турду. Эпосту тыным албай узак убакыт айткан бул окуя Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет болду.