Жаңылыктар
Талибан кыймылынын жоочулары Афганистандын түндүк-батышындагы 3 шаарды басып алды
Дүйнө
Талибан кыймылынын жоочулары Афганистандын түндүк-батышындагы 3 шаарды басып алды

Талибан кыймылынын жоочулары Афганистандын түндүк-батыш тарабындагы Бадахшан, Баглан жана Фарах үч административдик борборду басып алды. 

Евробиримдиктин баамында азыр экстремистер өлкөнүн 65 пайызын каратып алды. Талибандын жигердүү согуштук аракеттеринен улам, өкмөттүк аскерлер чегинүүдө, ал эми борбор шаар Кабул үч айдын ичинде каршылаштарынын колуна өтөөрүн АКШ өкмөтүндөгү булактарына таянып Washington Post басылмасы жазды. Жаузжан жана Каписа провинциясындагы салгылашууда АКШ аскерлери жоочуларга каршы абадан сокку урду жана андан жүздөгөн талиб согушкерлери каза болгону айтылууда. 

Президент Жо Байден Афганистандын өкмөтүнө Вашингтондон мындан ары жардам күтпөөгө чакырды. АКШ аскерлери өлкөдөн 31-августка чейин толук чыгып кетет.