Жаңылыктар
Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россия өкүлдөрү талибдер менен сүйлөшүү өткөрдү
Дүйнө
Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россия өкүлдөрү талибдер менен сүйлөшүү өткөрдү

Түркмөнстан, Өзбекстан жана Россия дипломаттарынан турган делегациялар Катарда талибдердин саясий маселелер боюнча комиссиясынын башчысы менен сүйлөшүү жүргүзүштү.

Талибдер Афганистандагы көп жерлерди басып алып жаткандыктан, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн тынчсыздануусу күчөдү.

12-августта “Талибан” кыймылынын лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар Афганистандагы жагдайды талкуулоо максатында Катарда Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары Вепа Хажиев жана Өзбекстан президентинин Афганистандагы чабарманы Исматулла Иргашев менен жолукту.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда аймактагы маселелер, анын ичинде Афганистан менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода алакалары талкууланды.

Бул арада Барадар Россия президентинин Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов менен да сүйлөшкөнү белгилүү болду.

“Талибан” кыймылы эки күндөн берки өкмөттүн аскерлер менен айыгышкан салгылаштын жыйынтыгында 12-августта кечке жуук Афганистандагы экинчи жана үчүнчү ири шаарлар Герат менен Кандагарды өз көзөмөлүнө өткөрүп алганын жарыялады.