Жаңылыктар
“Талибан” радикалдуу кыймылы Афганистандагы Кандагар шаарын басып алды
Дүйнө
“Талибан” радикалдуу кыймылы Афганистандагы Кандагар шаарын басып алды

“Талибан” радикалдуу кыймылы Афганистандагы чоңдугу боюнча экинчи делген Кандагар шаарын басып алды. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги жергиликтүү бийликтегилердин маалыматына таянып билдирди.

 Маалыматтарга ылайык, "Талибан" кыймылынын аскерлери Кандагар провинциясынын губернаторунун кеңсесин, коопсуздук күчтөрүнүн имаратын жана башка мамлекеттик мекемелерди ээлеп алышты. Мындан сырткары Талибдердин кармагына ири курал жарактар менен унаа транспорттору өттү. Афганистандагы кырдаал АКШ жана НАТО аскерлери чыгарылгандан баштап кескин курчуп кетти. 

Бул боюнча Россиянын тышкы иштер министрлиги АКШнын Афган өлкөсүндөгү миссиясы ишке ашкан жок деп баалады. Талибан согушкерлери акыркы айда бир катар ири шаарларды басып алды жана өкөнүн 85 пайыз аймагын ээлеп алды.