Жаңылыктар
Якутиядагы өрттү өчүрүүгө кошумча куткаруучулар тартылды
Дүйнө
Якутиядагы өрттү өчүрүүгө кошумча куткаруучулар тартылды

Якутияда өрт дагы деле өчүрүлө элек жана бул аралыкта аймактагы 1 жарым млн гектар жер күйүп кетти. Бул жаатта Якутияга кошумча куткаруучулар тартылды. 

Кара түтүн жүздөгөн калктуу конуштарды каптап, аймактарда атмосферада диоксид азотунун нормадан ашып кеткени байкалууда. Синоптиктер бул көйгөй бир жумадан кийин жамгыр жааганда гана жоюлары айтышат. Якутиядан тутанган түтүн Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына да жеткени байкалган. Белгилей кетсек Россия боюнча Якутия өрт чыгуу жагынан кооптуу аймак болуп эсептелет. 

Мындан улам 1-июлдан тарта республиканын жашоочуларына токойго эс алууга тыю салынган. Ал эми 8-августтан тарта Якутияда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.