Жаңылыктар
Италияда адаттан тыш ысык аба ырайы катталууда
Дүйнө
Италияда адаттан тыш ысык аба ырайы катталууда

Италияда адаттан тыш ысык аба ырайы катталууда. Бейшемби күнү өлкөдөгү 10 шаарда абанын табы 49 градуска чейин жогорулап, эң жогорку "кызыл денгээлге" көтөрүлдү. 

Жума күнү да ушундай эле аба ырайы Рим, Флоренция жана Бари сыяктуу 15 шаарда кайталанып кооптуу делген чекке жетти. Бул Европа боюнча рекорд койгону айтылууда. Мындай учур 1977-жылы Афиныда катталгандан бери боло элек болчу.