Жаңылыктар
Чолпон-Атадагы ат майдандын курулуш иши дээрлик соңуна чыкты
Саясат
Чолпон-Атадагы ат майдандын курулуш иши дээрлик соңуна чыкты

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата курулуп жаткан Чолпон-Атадагы ат майдандын курулуш иши дээрлик соңуна чыкты. 

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди. Учурда ипподромдун аймагын тазалоо иштери жүрүп жатат. 

Андан сырткары спорттук мелдештер өтө турчу дене-тарбия  комплекси толук курулуп бүткөн. КМШдагы ири ат майданды курууга 1 миллиард 234 миллион сом сарпталган. 

Ал эми Көчмөндөр оюндарынын башталарына саналуу күндөр калды. 4-сентябрда Кырчын жайлоосунда “Этно-шаарчанын” ачылышына алгачкы келген чет элдик меймандар күбө боло алат.