Жаңылыктар
Мектептерде акча чогултулбайт
Билим
Мектептерде акча чогултулбайт

Буга чейин далай жолу чырдын чыгышына себеп болуп келген мектептеги акча чогултуу маселесине биротоло чекит коюлмай болду. Президенттин Администрациясы Мамлекет башчысы жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине караманча каршы экендигин жарыялады. Айта кетсек буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги ар бир окуучу кайсы бир өлчөмдө мектепке акча төлөө маселесин көтөрүп келген. 

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу Чынара Эсенбекова, жеке баракчаларында дайым мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуу көрүнүшү боюнча пикирлерин байма-бай жарыялап келет. Айтымында айрым мектептерде буга чейин канчалаган каршылыктарга карабай ата-энелер тарабынан көмүскө чогултулуп келген каражатка, расмий уруксат бериле турган болсо, билим берүү мекемелери коррупциялык жайга айланат.

Мектептерге ата-энелерден кошумча төлөм алуу жөнүндө Билим берүү министринин демилгеси социалдык тармакта талкуунун жаңы барагын ачкан. Бул канчалык мыйзамдуу болот жана кымбатчылык жакадан алып турганда анын кереги бар беле деген суроо көп көтөрүлгөн. Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелердин мектепке акчалай жардамынын укуктук механизмин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады.

Ал эми бүгүн Мамлекет башчысы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын ата-энелеринен акча чогултуу демилгесине караманча каршы экендигин билдирди. «Белгилей кетсек, мекеменин бул демилгеси мамлекеттик саясаттын коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы негизги багыттарына каршы келет. Андан сырткары, буга окшогон кошумча төлөм төлөө механизми билим берүү тутумун жакшыртууга эч кандай реалдуу пайда алып келбейт. Ал тескерисинче, окуучулардын ата-энелерине жүктөлгөн оор жүк болуп калат деп белгиленген.