Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Пакистан элин улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Пакистан элин улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алвини жана жалпы Пакистан элин улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан куттуктады. 

«Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 

Садыр Жапаров Ариф Алвиге бекем ден соолук, узун өмүр жана ишине албан-албан ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.