Жаңылыктар
Билим берүү министрлиги сапаты начар мектеп формаларын сунуштады
Билим
Билим берүү министрлиги сапаты начар мектеп формаларын сунуштады

Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган мектеп формаларынын сапаты начар,  ал эми баасы кымбат. Бул тууралуу “Биринчи радиого” балдарын мектепке даярдап жаткан ата-энелер билдирди. Сапаты начар болгондуктан  кээде бир окуу жылында эки жолу мектеп формасын сатып алууга туура келет. Ал эми Билим берүү министрлиги окуучулардын формасын былтыр сынактын негизинде тандап алган. 

Сынактын негизде тандалып алынган мектеп формасы 1-класстан 4-класска чейин, 5-класстан 9-класска чейин жана жогорку класстарга деп үчкө бөлүнгөн. 

Былтыр конкурстук негизде дизайнер Эльвира Султангазиев анын сунуштаган эскизи жеңүүчү деп табылып, министрлик аны үлгү катары сунуштаган. Анда эркек балдардын жана  кыздардын юбкасы тизеден ылдый беш сантиметр, балдардын костюму өтө ачык эмес түстө болушу керек.