Жаңылыктар
Москвада кыргызстандык медиктердин биримдиги түзүлдү
Мекендештер
Москвада кыргызстандык медиктердин биримдиги түзүлдү

Москвада мекендеш дарыгерлер кесиптик майрамын белгилешти. Иш-чара ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган. Дагы бир жакшы жаңылык Орусиянын борборунда Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин биримдиги түзүлдү.

Москванын ресурстук борборлорунун биринде ак халатчан мекендештер кесиптик майрамын белгилешти. Пандемиянын биринчи толкунунда активдүүлүгүн көрсөткөн дарыгерлерге Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин грамоталары жана мактоо баракчалары тапшырылды.

Мекендеш дарыгерлер пандемия башталгандан тартып өз өлкөсүнө активдүү жардам берип келишет. Кыргызстанга "медициналык десант" жөнөтүлгөн. Дары-дармектер жана дем алууга жардам берген аппараттар гумжардам катары ар бир рейс менен жөнөтүлүп турду.

Ак халатчан кыргызстандыктар оорулуу мигранттарды да көңүл сыртында калтырган жок. Москвада call-борбор уюштурулган, анда дарыгерлер онлайн консультация берип келишет.

Мекендештер бул майрамды Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына да арнашты. Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучуларынын жолугушууга дагы бир себеби бар. Алар Москвада Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин биримдигин түзүштү.

Бүгүн Орусиянын борборунда гана биздин мекендештерибиз ачкан жыйырмадан ашык медициналык клиника бар. Алар мигранттарга гана эмес, жергиликтүү тургундарга да кызмат көрсөтүп келишет.