Жаңылыктар
Ооганстан боюнча 60 өлкө билдирүү жасады
Дүйнө
Ооганстан боюнча 60 өлкө билдирүү жасады

АКШнын Мамлекеттик департаменти чет өлкөлүк жарандардын Афганистандан аман-эсен чыгып кетүүсүн камсыздоого чакырган 60 мамлекеттин билдирүүсүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости билдирүүдө. 

Кайрылууну колдогондордун арасында АКШ, Франция, Германия, Украина, Италия жана Улуу Британия бар. “Ооганстанда абал кооптуу болгонуна байланыштуу биз бардык тараптарды чет элдик жарандар менен өлкөдөн кетүүнү каалаган афгандыктарды аман-эсен, тынч чыгып кетүүсүн камсыздоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө. 

Кайрылууга кол койгондор жолдорду, аэропорттор менен чек ара бекеттерин ачык бойдон калтырып жана өлкө аймагында тынчтыкты сактоого үндөгөн. Кошумчалай кетсек кечээ 15-август күнү, "Талибан" кыймылы акыркы болуп борбор калаа Кабулду алып, Афганистанды толугу менен өзүнө каратты. Уюмдун мындай аракети АКШ менен НАТОнун аскер күчтөрү чыгарылган соң күчөгөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткен.