Жаңылыктар
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ашраф Гани учуп келбегенин билдирди
Дүйнө
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ашраф Гани учуп келбегенин билдирди

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Афганистандын президенти Ашраф Гани учуп келбегенин билдирди. "Ашраф Гани мырза түшкөн учак Тажикстандын аба мейкиндигине кирбегенин жана өлкөнүн аймагына конбогонун билдиребиз", - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле Тажикстандын ышкы иштер министрлиги афган тараптан мындай өтүнмө келип түшпөгөнүн кошумчалады. Эске салсак, кечээ талибдер менен сүйлөшкөндөн кийин кызматтан кетүүгө макул болгон Афганистандын президенти Ашраф Гани Кабулдан Тажикстанга учуп кеткени, ошол жактан үчүнчү өлкөгө сапар алаары айтылган болчу.