Жаңылыктар
Талибан кыймылы учурда Кабулду толук көзөмөлдөп турат
Дүйнө
Талибан кыймылы учурда Кабулду толук көзөмөлдөп турат

Талибан кыймылы Кабулду толук көзөмөлдөп турат. Жекшемби күнү кечинде талибан кыймылы Ооганстандын борборун өз карамагына алып, өкмөттүк имараттарды анын ичинде президенттик сарайды басып алды. Мамлекет башчысы Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетти жана болжол менен Оман, Тажикстан же Өзбекстанда деп болжолдонууда. Анын алдында Ашраф Гани кайрылуу жасап, кан төгүү болбосун деген ойдо бул кадамга барганын билдирди.

Учурда бийликтин калган өкүлдөрү - анын ичинде ички иштер министринин милдетин аткаруучу Абдул Саттар Мирзаквал, тынчтыкты камсыздап, бийлик тынч жол менен өтөөрүн билдирди. Ал эми Талибан кыймылынын өкүлдөрү кырдаалды көзөмөлгө алганын жана калктын коопсуздугун камсыздай турганын билдиришкен.

АКШ жана НАТО 20 жылга жакын убакыттын ичинде ооган коопсуздук күчтөрүн жабдуу үчүн миллиарддаган доллар сарптаганына карабай, талибдер бир жуманын ичинде дээрлик Афганистандын бардык аймагын басып алышты. Азыркы тапта Кабул шаарынын аэропорту эл аралык күчтөр көзөмөлдөөдө жана аба майдан ишин улантууда. Аба бекеттеги коопсуздукту АКШ, Улуу Британия жана Түркиянын аскерлери камсыздап жатат. Ооганстандан бир нече өлкөнүн бийлиги өз жарандарын эвакуациялашууда.

Ооганстанстандагы бийлик Талибан кыймылынын лидери Мулла Абдул Гани Барадарга өткөнү кабарланууда. Ал эми өткөөл өкмөттү мурдагы ички иштер министри, отставкадагы генерал Али Ахмад Жалали жетектейт.