Жаңылыктар
Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңип алды
Спорт
 Кыргызстандык спортчулар грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңип алды

Кыргызстандык спортчулар жаштар арасындагы грепплинг боюнча дүйнө чемпионатында (UWW) 4 медаль жеңип алышты. 

Чемпионат 13-14-август күндөрү Башкортостандын Уфа шаарында болуп өттү.

Кыргызстандын курама командасынын эсебинде 4 медаль бар. Нурсултан Куштарбек уулу эки алтын медаль утуп, жаштар арасында дүйнө чемпиону болду. 

Кыргызстан курама командасынын жыйынтыктары:

Балдар, Gi (кимонодо)

63 кг чейин

1 -орун - Нурсултан Куштарбек уулу

Балдар, No Gi (кимоносуз)

63 кг чейин

1 -орун - Нурсултан Куштарбек уулу

Juniors, No Gi (кимоносуз)

58 кг чейин

3 -орун - Нурзат Арзиматов

Juniors, Gi (кимонодо)

58 кг чейин

3 -орун - Жылдызбек Абылбеков