Жаңылыктар
Баткен менен Согди облусунун жетекчилери жолугуп, соңку окуяларды талкуулашты
Чек ара
Баткен менен Согди облусунун жетекчилери жолугуп, соңку окуяларды талкуулашты

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолукту. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушуу Лейлек районунун Кулунду өткөрмө жайы тараптагы чектеш аймакта болду. Ага Баткен, Лейлек жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. "Тараптар акыркы учурда чек арага чектеш аймактарда катталган жагдайларды жана соңку окуяларды талкуулашты. Кандай катачылыктар, кимдер тарабынан кетирилгендиги туурасында кеп козголду. 

Мындан сырткары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине катталган окуялар боюнча териштирүүгө тапшырма берилди", — деп айтылат маалыматта. Натыйжада 17-августтан баштап жер-жерлердеги чек ара тозотторунун башчылары менен биргеликте чек арадагы терс көрүнүштөр боюнча окутууларды өткөрүү макулдашылды. Ага ылайык, чек арага чектешкен айылдардын жергиликтүү тургундарынын арасында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлөт жана чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу аракети жасалат. Чектеш аймактарда чыр-чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактылар жана даярдалган материалдар менен алмашуу жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Жолугушуунун максаты кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардын алдын алуу. Эки тараптын облус башчыларынын деңгээлинде мындай жолугушууну айына эки жолу уюштуруу макулдашылды.