Жаңылыктар
5 спортчубуз Бразилиядан кайтып келди
Спорт
5 спортчубуз Бразилиядан кайтып келди

Олимпиада оюндарынан 5 спортчу Кыргызстанга кайтып келди. Алар дзюдочу Отар Бестаев, Юрий Краковецкий, жөө күлүктөр Дарья Маслова, Виктория Полюдина жана Мария Карабицкая. 

Эске салсак, дзюдочу Краковецкий Олимпиада оюндарында 7-орунду багындырды. Ал эми Отар Бестаев 1/8 финалда утулуп 9-сапка жазылган. Жөө күлүктөр Дарья Маслова 10 миң метр аралыктын маара сызыгын 19-болуп кесип өткөн. Анын көрөткүчү 31 мүнөт 36,9 секунда болду. Бул көрсөткүч Кыргызстандын рекорду болуп саналат. 

Кыз-келиндер марафонунда Полюдина менен Карабицкая 62-94-орунду ээледи. 42 км 195 метр классикалык аралыкты багындырууда Юлия Андреева 59-болуп келди.

Андреева Бишкеке келер замат Россиянын Уфа шаарына жөнөп кетти.