Жаңылыктар
Стивен Сигал Көчмөндөр оюндарын көргөнү келет
Маданият
Стивен Сигал Көчмөндөр оюндарын көргөнү келет

Белгилүү кинактер Стивен Сигал II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын көргөнү келет. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, Стивен Сигалга президент Алмазбек Атамбаев чакыруу кагазын жиберген. Ага жооп иретинде кино жылдызы ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга келерин тастыктады.

Ал Көчмөндөр оюндарын гана көрүп чектелбестен, өлкөбүздүн Айкидо федерациясынын өкүлдөрү менен да жолугушууну мерчемдөөдө.

Эске салсак, Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтөт.