Жаңылыктар
Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду
Кырсык
Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду

Бүгүн, 17-августта  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун болжол менен 172-чакырымында (Кубакы ашуусу) жол кырсык болуп, адам өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жүргүнчү ташуучу «Мерседес-Бенц-Спринтер» менен «МАН» үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшкөн.

Жүргүнчү ташуучу унаада болжол менен 15 адам болгон. Анын ичинен 5 адам каза болуп (2 эркек, 3 аял киши), 10 адам жаракат алды.

Балыкчы шаардык №19 куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар жөнөтүлүп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатышат.