Жаңылыктар
Стамбул Жаныбек уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Спорт
Стамбул Жаныбек уулу жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Кыргызстандык балбан Стамбул Жаныбек уулу Россияда өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. 74 кг салмакта күч сынашкан Стамбул 1/8 финалдык баскычта ирандык спортчуну утуп, экинчи жолугушуусунда латвиялык балбанды жеңип алган. 

Жарым финалдык беттеште Стамбул Жаныбек уулу казакстандык  Нурдаулет Куанышбай менен жолугат. 

Жарым финалдык беттештер 17:45те старт алат. 

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты өтүп жатат.