Жаңылыктар
Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан коло медаль жеңип алды
Спорт
Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан коло медаль жеңип алды

Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан коло медаль жеңип алды. Дүйнө биринчилиги учурда Россиянын Башкортостан республикасынын Уфа шаарында өтүп жатат. 

Абдуллаев 79 кг салмакта күч сынашып, коло медалга ээ болду. Бул Кыргызстан үчүн аталган чемпионаттагы биринчи медаль.

79 кг чейин

1/16 финал

Мухаммад Абдуллаев - Руслан Ахметханов (Украина) - 9: 6

1/8 финал

Мухаммад Абдуллаев - Баграти Гагнидзе Грузия) - 10: 0

1/4 финал

Ашраф Аширов (Азербайжан) - Мухаммад Абдуллаев - 4: 2

Коло үчүн жооткотуучу беттеш

Мухаммад Абдуллаев - Мунххдаваа Баярмунх (Монголия) - 11: 0

Коло үчүн күрөш

Мухаммад Абдуллаев - Махамбет Нуржаубаев (Казакстан) - 4: 1