Жаңылыктар
Афганистан вице-президенти өзүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу деп жарыялады
Дүйнө
Афганистан вице-президенти өзүн мамлекет башчынын милдетин аткаруучу деп жарыялады

Афганистандын вице-президенти Амрулла Салех президент Ашрафа Гани качып кеткенден кийин өзүн мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары жарыялап, элди талибдерге каршы турууга чакырды. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жазды.

“Афганистандын Конституциясына ылайык, президент жок учурда, качканда, отставкага кеткенде же өлгөндө биринчи вице-президент анын милдетин аткарат. Мен Афганистандамын жана легитимдүү түрдө бул милдеттерди аткарам”, – деген ал.

Амрулла Салех кандай гана жагдай болбосун эч качан талибдерге баш ийбей турганын да белгилеген. “Мен эч качан, мени уккан миллиондогон кишилерди иренжитпейм. Мен эч качан “Талибан” менен бир чатыр алдында болбойм. Эч качан”,– деп жазган вице-президент.

"Талибан" кыймылы Афганистандын баш калаасы Кабулга 15-августта кирип, өлкөдөгү 20 жылга созулган жарандык согуш аягына чыкканын жарыялашкан. Мамлекет башчысы Ашраф Гани Афганистандан чыгып кеткен. Азыр анын кайда экени белгисиз.