Жаңылыктар
Кыргызстандагы аты жок чокуну багынткан россиялык кыздар
Дүйнө
Кыргызстандагы аты жок чокуну багынткан россиялык кыздар

Россиялык Марина Попова, Мария Дюпина жана Надежда Оленева аттуу альпинисттер дүйнөдө биринчилерден болуп Кыргызстандагы аты жок чокуну багынтышты. Бул тууралуу Newslab.ru басылмасы жазды. 

Маалым болгондой, кыздар деңиз деңгээлинен 4 818 метр бийик чокуга чыгышкан. Ал Кыргызстандагы Каравшин капчыгайынан анча алыс эмес Орто-Чашма өрөөнүндө жайгашкан. Альпинисттер тобунун жетекчиси Марина Попованын айтымында, катышуучулар аймактагы аба ырайынын өзгөчөлүктөрүн жакшы билчү. Ошентсе да чокуну багынтуу оңой болгон эмес. Анткени ошол учурда суу кар жана мөндүр жааган. 

"Катаал климатка көнгөнүбүз артыкчылык берди. Бир нече ирет суу болуп, тоңуп калдык. Бирок укмуш таасир калтырды. Анткени бизге чейин ал чокуга эч ким чыга элек болчу, аны алгачкылардан болуп биз багынттык", — деди Попова. 

Чокуга биринчилерден болуп чыккан адам катары кыздар ага барчу жолго жана чокуга аталыш бере алары айтылды.