Жаңылыктар
Ооган сүрөтчүсү Шамсия Хассани учурдагы абалды чагылдырган сүрөттөрүн жарыялады
Дүйнө
Ооган сүрөтчүсү Шамсия Хассани учурдагы абалды чагылдырган сүрөттөрүн жарыялады

Талибандар Афганистанга кол салган күнү ооган сүрөтчүсү Шамсия Хассани өзүнүн Фейсбук баракчасына учурдагы абалды чагылдырып дубалга тарткан сүрөттөрүн жарыялаган. 

Анда сүрөтчү “Балким, бул биздин кыялдарыбыздын кара идиште өскөндүгүндө” деп жазган. Шамсия Хассани - өлкө тарыхындагы алгачкы стрит-арт көчөдөгү дубалдарга сүрөт тарткан сүрөтчү. Анын көз жоосун алган сүрөттөрү акыркы 10 жыл аралыгында оогандыктардын жашоо-турмушун чагылдырып келет. 

Сүрөтчү көбүнчө ооган коомунун көңүлүн аялдардын көйгөйлөрүнө бурууну көздөйт. Анын тарткан сүрөттөрү чет өлкөлүк көргөзмөлөргө коюлуп, бир канча байгелүү орундарга ээ болгон.