Жаңылыктар
20 жылга созулган АКШ - Ооганстан согушунун курмандыктары
Дүйнө
20 жылга созулган АКШ - Ооганстан согушунун курмандыктары

АКШнын эң узак согушу 20 жылга созулду. Кошмо Штаттары Ооганстанда 20 жылга созулган согушу 2 миң 400дөн көп америкалык аскердин өмүрүн алды. Ассошейтед пресс, 31-августта америка аскерлери Кабулдан толугу менен чыгаарын жазды. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы жардыруудан кийин Ооганстанга аскерлерин киргизген Вашингтон да, Кабул да көп жоготууга учурап, жалпысынан ошол күндөн ушул күнгө чейин 172 миңден ашык адам көз жумду.

Жыйырма жылда 2 миң 448 америка аскери көз жумса, АКШ үчүн иштеген оогандыктардан 3 миң 846 киши жашоо менен кош айтышкан. Согуштан эң көп жапа чеккен жөнөкөй ооган эли болду. 47 миң 245 жай тургундар көз жумду.

Талибанга жеңилген Ооганстан аскерлери 66 миңге жакын жоокерин жоготту, ал эми Талибан тарабындагы бул уюмга мүчө жана башка согушкерлерден 51 миң 191 киши көз жумду.

Афганистанда тапшырма менен жүргөн НАТОнун жана башка өлкөлөрдөн 1144 аскер, 71 журналист өмүр менен кош айтышты. АКШнын Афганистан жана Ирактагы согушту каржылоого алган карызы 2020-жылы 2 триллион долларды түздү. Бул карыздын пайызы 2050-жылы 6,5 триллионго жетээри күтүлүүдө.