Жаңылыктар
Гаитиде үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды
Дүйнө
Гаитиде үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

Гаитиде үч күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. Кариб деңизинде жайгашкан өлкө ишемби күнү болгон жер титирөөдөн каза болгондорду жоктоодо. 

Расмий бийликтин маалыматы боюнча каза болгондордун саны 1 419 адамды түздү жана алардын саны дагы өсүшү мүмкүн. 7 миңге жакын адам ар кандай жаракаттарды алган. 37 миңден ашык турак үй талкаланып, ондогон мектеп, чиркөө, мейманканалар жараксыз абалга келген.

Ал арада Гаитиге “Грейс” аталышындагы бороон сокку урган. Начар аба ырайы куткаруу иштерин жана үй жайынан ажырагандардын абалын ого бетер кыйындатты. Метеорологдор дагы катуу жаан -чачын болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Учурда өкмөт жабыркагандарга баш калкалоочу жай жана гуманитардык жардам берүүнү убадалап жатат. Бирок азырынча көпчүлүкө жардам келе элек. Менин үй -бүлөмдө эч ким зыян тарткан жок бирок абал өтө начар. Азыр бул жерде эки балам бар. Дагы экөө башка жакта. Алар менен байланышканга телефонум да жок.

Эске салсак, Гаитиде 7,2 баллга жеткен жер титирөө болгон. Өлкө он бир жыл мурда болгон жер титирөөдөн кийин дагы деле калыбына келе элек. Анда 220 миң адам курман болуп борбор калаа катуу зыянга учураган.