Жаңылыктар
Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Спорт
Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы Уфа шаарында (Россия) өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Билимбек кызы 55 кг салмакта 18-август күнү килем үстүнө чыгып, эки каршылашын жеңүү менен жарым финалга жеткен.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште россиялык спортчу менен кез келип, аны мөөнөтүнөн мурда тушеге басуу менен жеңип алды.

Финалдык беттеш 19-август күнү өтөт.

55 кг чейин
1/8 финал
Мунхгерел Мунхбат (Монголия) - Калмира Билимбек кызы - 4: 6

1/4 финал
Пейтон Джен Струд (АКШ) - Калмира Билимбек кызы - 0:10

1/2 финал
Калмира Билимбек кызы - Анастасия Яндушкина (Россия) - (туше)

Финал
Алеся Гетманова (Беларусь) - Калмира Билимбек кызы