Жаңылыктар
Борбор Азия чемпионаты: Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы 2-орунда келе жатат
Спорт
Борбор Азия чемпионаты: Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы 2-орунда келе жатат

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбор Азия чемпионатында 2 турдун жыйынтыгы менен 2-орунда келе жатат.

Чемпионат 4 команданын катышуусу менен Өзбекстанда өтүүдө.

18-август күнү 2-турда Кыргызстан Тажикстанды 3:0 эсебинде жеңсе, Казакстан 3:1 эсебинде Өзбекстанды утту. Натыйжада Кыргызстан 3 упай менен 2-орунга жайгашты.

19-августта тайпалык этаптын финалдык беттештери өтөт, Кыргызстандын курама командасы Өзбекстан менен ойнойт.

Жыйынтыктар:

Биринчи тур, 17 -август

Казакстан - Кыргызстан - 3:2 (25-22, 18-25, 22:25; 25:19; 15: 8)

Өзбекстан - Тажикстан - 3:0

Экинчи тур, 18 -август

Кыргызстан-Тажикстан-3: 0 (25-15, 25-17, 25-18)

Казакстан-Өзбекстан-3: 1 (25-21; 25-20; 22-25; 25-21)

1. Казакстан - 4 упай

2. Кыргызстан - 3 упай (+2)

3. Өзбекстан - 3 упай (+1)

4 Тажикстан - 2 упай