Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты
Спорт
Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова финляндиялык спортчу Петра Маарит Оллини утуп жарым финалга чыкканга күчү жетти. 

Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы 58 кг салмагында ат салышууда.

1/4 финалда финляндиялыкты оңой-олтоң жеңип алды. Буйруса медаль "жыттана" баштады.

Эми жарым финалда Айсулуу Тыныбекова Малик Сакши (Индия) жана Валерия Коблова (Россия) жуптугунда жеңип чыкканы менен кармашат.