Жаңылыктар
Дин маданиятынын тарыхы мектептерде окутулат
Билим
Дин маданиятынын тарыхы мектептерде окутулат

Кыргызстанда мектеп базасында дин маданиятынын тарыхы жана светтик мамлекетте диний билим берүү багыты боюнча сабактар киргизилүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн дин иштери боюнча агенттиктин өкүлдөрү, эксперттер жана окутуучулар ортосунда өткөн тегерек үстөлдө белгилүү болду. 

Жаңы предмет 1-сентябрдан тартып 10 мектепке пилоттук негизде киргизилип, анын жыйынтыгы менен бардык билим берүү мекемелерин камтуу маселеси каралат. 

Диндердин тарыхы тууралуу мектептерге сабак киргизүү идеясы мындан 2 жыл мурун, мамлекеттин дин саясаты боюнча концепциясынын ичинде каралган. Кийин коргоо кенешинин чечими менен аны ишке ашыруу тапшырмасы коюлуп, быйыл жаңы пердметти пилоттук негизде ишке киргизүү пландалууда. 

Башкы максат- жаштарды ар кандай радикал агымдардан тосуп, диний ишенимдин туура жакка багыттоо. Дин маданиятынын тарыхы боюнча курстар быйыл 10 мектепке пилоттук түрдө киргизилет. Ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынын бирден мектеп тандалган. 

Жаңы предмет боюнча колдонмо материалдарды атайын эксперттик топ иштеп чыккан. Ага байыркы диндердин тарыхы, өлкөдөгү азыркы диний кырдаал жана алардын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасири тууралуу маалыматтар камтылды. 

Диндер тарыхы тууралуу сабактан балдар диний эле эмес жалпы адамзатка тиешелүү болгон баалуулуктар жөнүндө маалымат алышат. Бир жылдан кийин жыйынтыгы чыгарылып, кемчиликтер эске алынат. Андан соң сабакты өлкөдөгү мектептерге жапырт киргизүү жагы каралат.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118