Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекалык компания насыя берүүнү баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ипотекалык компания насыя берүүнү баштайт

Ушул жумадан тарта мамлекеттик ипотекалык компаниясы жеке турак жай курууга насыя берүүнү баштайт. Учурда банкттар менен сүйлөшүүлөр аяктап, курулушка каражат сурагандардын алгачкы тизмесиндегилер такталды. Анда жери бар бирок үй курууга каражаты жетпей жаткан жарандарга жеңилдетилген насыялар каралган. 

Мамлекеттик кызматкерлердин ипотекага батир алышына ушул жылдын башынан тартып өкмөт көмөктөшө баштаган. Ал үчүн атайын мамлекеттик ипотекалык компаниясы түзүлүп, ушул жылы 3 миңге жакын жаранды жеңилдетилген турак жай менен камсыз кылуу пландалган. 

Бирок азырынча 200гө жакын гана кызматкерлер мөөнөтүн узартып төлөө менен үйлүү болушту. Мунун себеби, кайрылгандардын каалосуна дал келген батирди аз убакытта табуу кыйыныраак. Ошондуктан мамлекеттик ипотекалык компаниясы эконом классындагы көп кабаттуу үйдү салууну көздөп жатат.

Аны менен жакындан тарта мамлекеттик ипотекалык компаниясы жеке турак жай курууга да көмөктөшө баштайт. Учурда банкттар менен келишим түзүлүп, насыялар 3 баскычта берилет. 

Үй курууга жеңилдетилген насыяны алыш үчүн, кайрылып жаткан жарандын мыйзамдуу менчик жери болушу керек. Мындан тышкары курулуштун долбоору жана корой турган каражаттардын божомолу болушу шарт. Аны менен алынган каражатты үстөк пайыз менен төлөөнү да унутпоо зарыл. 


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118